• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте кыргызстандык ишкерлер менен Пакистандын бизнес өкүлдөрүнүн алгачкы жолугушуусу өттү

Экономика 0

Бишкек, 21.02.22. /Кабар/. КРнын Соода-өнөр жай палатасында кыргызстандык ишкерлер менен Пакистандын бизнес өкүлдөрүнүн алгачкы жолугушуусу өттү.

КР Соода өнөр-жай палатасынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуу бүгүн, 21-февралда уюштурулган.

Делегациянын курамына 13 компаниянын өкүлдөрү кирген. Алар экономиканын ар кайсыл тармактарынан: текстиль, энергетика, мейманкана бизнеси жана туризм, айыл-чарба, тамак-аш өнөр-жайы, сулуулук индустриясы, курулуш ж.б.

Делегацияны КРнын СӨПнүн ага вице-президенти Р. Касымов кабыл алган. Анын айтымында, аталган жолугушуу алгачкысы болуп эсептелет жана эки тарап кызматташууда өзгөчө көңүлдү туризм, текстиль өнөр-жайы жана инвестициялар жаатына буруусу оң.

Иш-чаранын акырында кыргызстандык жана пакистандык жеке ишкерлер В2В жолугушуу өткөрүшүп, кызматташуунун жагдайларын талкуулап алышты. Мындан тышкары, андан аркы сүйлөшүүлөр үчүн байланыш жолдорун макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий