• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте Кыргызстандын адвокаттарынын II съезди өз ишин баштады

Коом 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 30-сентябрда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын II съезди өз ишин баштады.

Президенттин администрациясынан билдиришкендей, иш-чара катышуучуларынын алдында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы адвокаттардын кол тийбестиги маанилүү экенин белгилеп, адвокаттар сот адилеттигин жүргүзүүдө мыйзам менен адам укугунун үстөмдүгү деген принципти коргоонун бир негизи болуп эсептелерин билдирди.

Президент Садыр Жапаров адвокаттардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча сунуштарын айтты. Негизинен, мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам механизми боюнча иштеген адвокаттардын сый акысынын өлчөмүн көбөйтүү жана башкалар.

Ал ошондой эле, айрым учурда адвокаттардын катарында эле эмес, соттор, укук коргоо жана көзөмөлдөөчү органдарда да орун алган коррупция көйгөйүнө көңүл бурду.

Мамлекет башчысы бул көрүнүш мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүн солгундатуунун жана коомдогу социалдык чыңалуунун башкы булагы болуп калганын кошумчалады.

Андан соң съездин меймандары – Россия Федерациясынын адвокаттарынын Федералдык палатасынын президенти Юрий Пилипенко, Азербайжан Республикасынын адвокаттар коллегиясынын башчысы Анар Багиров, Белорус адвокаттар коллегиясынын төрагасы Виктор Чайчиц, Өзбекстан Республикасынын юристтер палатасынын төрагасы Алим Эрназаров, «Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү» Европалык долбоордун директору Стефанос Кареклас, ЮСАИДдин “Укук булагы” долбоорунун директору Фред Хьюстон жана Кыргызстандын Юстиция министри Асель Чынбаева сөз сүйлөштү.

Меймандар өз өлкөлөрүнүн адвокаттык коомчулугун өнүктүрүү боюнча, салык салууну азайтуу, мамлекет тарабынан каржылоо, адвокаттардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылууга байланыштуу мыйзамдардагы жаңылыктар жана башка тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Андан соң съезд өз ишин улантты. Адвокаттар коллегиясынын төрагасы Билим Раимкуловдун, Этика боюнча комиссия менен Ревизиялык комиссиянын 2017-2021-жылдарда аткарган иштери жөнүндө отчеттору каралууда.

Пикир

Оставить комментарий