• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте Кыргызстандын мектеп китепканачыларынын алгачкы форуму өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 25.03.21. /Кабар/. Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын мектеп китепканачыларынын алгачкы форуму өтүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чарага билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жана бардык региондордон жалпы билим берүү уюмдарынын китепканаларынын 200дөн ашуун өкүлү жана райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери катышууда.

Форумдун максаты китепканачылардын методикалык чеберчилигин арттыруу, китепкана ишине инновацияларды киргизүү аркылуу башкаруу системасын жакшыртуу үчүн китепкана коомчулугунун өкүлдөрүнүн, мектеп китепканаларынын жана маалыматтык-китепканалык борборлордун тажрыйба алмашуусу жана кесиптик баарлашуусу боюнча аянтчаны түзүү болуп саналат.

​«Китептер балдардын тарбиясына таасир этет. Китепканачылардын иши – ар бир бала үчүн жана жалпы эле мамлекет үчүн стратегиялык жактан маанилүү чөйрө», – деди министр өз сөзүндө.

Ал ошондой эле китепканалар балдарды өнүктүрүү борборлору болууга тийиш деп белгиледи. «Министрлик китепканаларды заманбап технологиялар менен камсыздоого аракет кылууда. Китепканалар жогорку ылдамдыктагы интернет жана заманбап жабдуулар менен камсыздалышы кажет. Мындай китепканаларда ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө, маалымат алып, музыка угууга мүмкүн болгудай шарттарды түзүү керек. Мына ошондо китепканаларга балдар толот», – деди А. Бейшеналиев.

Белгилей кетсек, форумдун катышуучулары үчүн USAIDдин «Окуу керемет» долбоору боюнча практикалык тренингдер да уюштурулган.

Иш-чаранын соңунда «Мектеп китепканачыларынын статусу жөнүндө» резолюцияга кол коюлат.

Пикир

Оставить комментарий