• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте Кыргызстандын президенти менен Катар эмири эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты

Президент 0

Бишкек, 07.06.23. /Кабар/. Бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаров менен Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин эки тараптуу жолугушуусу өттү.

Кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө президент Катар эмиринин Кыргызстанга мамлекеттик сапары Катар менен Кыргызстандын кызматташтыгында эле эмес, жалпы араб дүйнөсү менен болгон карым-катышта чоң тарыхый мааниге ээ экенин белгиледи.

“Бул сапарыңыз өз ара ишенимге негизделген кыргыз-катар бир туугандык мамилелеринин жаңы барагын ачаарына жана ар кыл багыттарда кыргыз-катар кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө чоң түрткү берерине терең ишенем. Үстүбүздөгү жылы биздин өлкөлөрдүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орногонуна 25 жыл толуп олтурат. Бул мааракелик датаны биздин кадырлуу катарлык досторубуз менен салтанаттуу белгилеп жатканыбыз кубанычтуу", - деди Садыр Жапаров.

Садыр Жапаров Кыргызстан Катар эмиринин чың пейили менен жеке колдоосун жогору бааларына басым жасады.

Өз кезегинде Катар Мамлекетинин эмири президент Садыр Жапаровдун чакыруусуна жана меймандостугуна ыраазычылык билдирди.

Бул анын Кыргызстанга жасаган биринчи сапары экенин, Кыргызстан менен Катардын эки тараптуу мамилелериндеги маанилүү учур болуп жатканын баса белгиледи. Быйыл эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракеси белгиленет.

Белгилей кетсек, Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани кун мурун биринчи жолу мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди

Пикир

Оставить комментарий