• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте Кыргызстандын жаштарынын онлайн форуму өттү

Коом 0

Бишкек, 11.11.20. /Кабар/. Күн мурун, 10-ноябрда Бишкек шаарында Кыргызстандын жаштарынын онлайн форуму өттү. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 300дөн ашык киши катышты.

Ошондой эле иш-чарага жаштар уюмдарынын, мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык уюмдарынын өкүлдөрү, ошондой эле жаш активисттер жана ыктыярчылар катышты.

Онлайн-форумдун негизги максаты – коомдук жашоонун ар кандай тармагында Кыргыз Республикасынын жаштарынын ролун, тактап айтканда, жаштардын COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүгө, туруктуу өнүгүүгө жетишүүгө жана санариптештирүүнү, инновацияларды өнүктүрүүгө кошкон салымын талкуулоо жана даңазалоо менен Жаштар күнүн белгилөө.

Онлайн форумдун расмий ачылышына вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Шабданбаев жана БУУнун Кыргыз Республикасындагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело катышып, куттуктоо сөзү менен жаштарга кайрылышты.

Баяндамачылар өз сөздөрүндө ар кандай темаларды камтыды: ыктыярчылык, COVID-19дун жаштарга тийгизген таасири, жаштар менен онлайн форматта иштөө, туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетүүдө жаштардын ролу, ТӨМ Жаш Элчилеринин жетишкендиктери, санариптештирүү долбоорлорундагы жаштар үчүн мүмкүнчүлүктөр, IT-билиминин перспективалары, жаштар үчүн мүмкүнчүлүктөр (программалар жана гранттар) жана башка актуалдуу темалар.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылынын 14-январындагы №15 токтомуна ылайык, 10-ноябрь Кыргыз Республикасынын Жаштар күнү деп белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий