• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте Кырсыктардын тобокелдигин кыскартуу күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 05.10.18. /Кабар/. Бишкек шаарында бүгүн, 5-октябрда, Кырсыктардын тобокелдигин кыскартуу күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков аталган иш чаранын маанилүүлүгүн жана зарылдыгын белгилеп, өзгөчө кырдаалдар орган кызматкерлеринин кесипкөйлүгү жана тажрыйбасы алдыга коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткарууга мүмкүндүк берерине ишеним билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Ал кырсыктардын тобокелдигин кыскартуу боюнча бир айлыктын алкагында өткөрүлгөн иш-чаралар калкты ар кыл мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар жаралган учурдагы жүрүм-турум эрежелерине окутуу жана алар тууралуу маалымдуулугун жогорулатууга багыталгандыгын дагы бир ирет белгилеп кетти.

Вице-премьер-министр өзгөчө кырдаалдар орган кызматкерлерин бул майрамы менен куттуктап, республиканын калкы жана башкаруу орган өкүлдөрү өзгөчө кырдаалдарда аткарылчу иш-аракеттер тууралуу жетиштүү маалымат алгандыгына ишеним билдирди.

Майрамдык иш-чара алкагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Бишкек шаардык мэриясынын түзүмдөрүнүн катышуусунда парад, ошондой эле майрамдык концерт жана өрт эстафетасы боюнча таймаш орун алды.

Маалымдама:

2018-жылдын 5-сентябрынан 5-октябрына чейин бүтүндөй өлкө боюнча Кыргыз Республикасындагы Кырсыктардын тобокелдигин кыскартуу күнүнүн алкагында бир айлык өткөрүлгөн. Анын алкагында калктын кооптуу жагдай жана өзгөчө кырдаалдар шартында коргонуу ыкмалары боюнча маалыматын жогорулатуу боюнча комплекстүү иш-чаралар өткөрүлгөн. Ошондой эле КР ӨКМ түзүмдүк подразделениелери жайгашкан жерлерде өсүп келе жаткан муундар үчүн куткаруу түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгү менен тааныштыруу боюнча иш-чаралар, мындан тышкары кырсыктардын санын азайтууга багытталган окуулар жана машыгуулар өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий