• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте кырсыктардын тобокелин азайтуу күнү белгиленди

Коом 0

Бишкек, 13.10.22. /Кабар/. Бишкекте кырсыктардын тобокелин азайтуу күнү белгиленди. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, Т.Усубалиев аянтында кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө карата атайын иш-чара өткөрүлүп, анда Бишкек шаарынын жарандык коргонуу кызматтарынын күчтөрү жана каражаттары көрсөтүлүп, Бишкек шаарынын шаардык жарандык коргонуу кызматтарынын кызматкерлеринин катышуусунда салтанаттуу жүрүш өттү.

Мындан тышкары, Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринин мектеп окуучулары арасында «Куткаруучу» темасында «Мыкты ыр саптары» жана «Мыкты сүрөт» номинацияларынын жеңүүчүлөрүнө дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.

Эске салсак, 2022-жылдын 5-сентябрынан 5-октябрына чейин борбордо табигый кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча бир айлык өткөрүлгөн.

Иш-чаралар министрлер кабинетинин «5-октябрды Кыргыз Республикасында табигый кырсыктардын коркунучун азайтуу күнү деп жарыялоо жөнүндө» токтомунун негизинде өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий