• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте кышкы мезгилге көмүр даярдоо иштери кызуу жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 05.08.22. /Кабар/. Бишкекте кышкы мезгилге көмүр даярдоо боюнча иштер кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көмүр камдоо июль айында башталган.

Мэриядан белгилешкендей, Биринчи май районунун аймагында отун базалары жок, бирок жыл сайын күз-кыш мезгилиндеги жылытуу мезгилинде көмүр сатуучу 20га жакын стационардык пункттар ачылат.

Ленин районунун аймагында төмөнкү даректер боюнча 7 көмүр базасы иштейт:
- Садыгалиев көчөсү, №4б дарегиндеги «Руслан ижана МАК» ЖЧКсы (мурдагы «Ак-Жол» ЖЧКсы);
- Мурман көчөсү, 126 дарегиндеги көмүр базасы (патенттин негизинде: Мустафаев Улан);
- Мурман көчөсү, 45/2 дарегиндеги «Кара-Тоо» ЖЧКсы (мурдагы «Торг-Синтез» ЖЧКсы);
- Мурман көчөсү, 122 жана 122а даректериндеги «Береке» ЖЧКсы;
- Мурман көчөсү, 1Б дарегиндеги «Беш Сары» ЖЧКсы ;
-Дэн Сяопин проспектиси, 306а дарегиндеги Коргоо министрлигинин көмүр базасы;
- Дэн Сяопин проспектиси, 308/4 дарегиндеги «Болотбеков» ЖИ.

Мэриядан кошумчалашкандай, ошондой эле жыл сайын күз-кыш мезгилиндеги жылытуу мезгилинде көмүр сатуу боюнча 20га жакын стационардык пункттар ачылат.

Свердлов районунун аймагында Достоевский көчөсү, 1 дарегинде 1 көмүр базасы бар.

Октябрь районунун аймагында Кара-Жыгач конушундагы Сары-Өзөн көчөсү, 98а дарегинде «Глобал Азия Пропертис» ЖЧКсынын 1 көмүр базасы бар.

Пикир

Оставить комментарий