• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте кышкы жылытуу мезгилине даярдыктарды көрүү уланууда

Коом 0

Бишкек, 01.07.21. /Кабар/. "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы буу казандарын күз-кыш мезгилине даярдоону улантууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда №16 ҮМБ, Биринчи май райондук РИИБ, №61 автордук физика-математикалык мектебинин аймагындагы 3708 адамды жылуулук менен камсыз кылган "Боцад" от казанында даярдык иштери жүрүп жатат.

"Адистер от казандарын, желдеткичтерди, ХВО чыпкаларын, жылуулук камераларындагы клапандарды жана казан приборлорун оңдоону жүргүзүшүүдө. Жылуулук менен камсыздоо булактарында жүргүзүлгөн бардык оңдоо иштери ишкананын жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы 624 турак үйдү, 12 саламаттык сактоо мекемесин, 40 орто мектепти, 14 бала бакчаны, 8 жогорку окуу жайын, 26 башка бюджеттик мекемелерди жана 193 башка керектөөчүлөрдү тейлейт.

Пикир

Оставить комментарий