• 84.45
  • 88.02
  • 1.37

Бишкекте Кытай армиясынын 90 жылдыгы белгиленди

1368 кароо Коом 0

Бишкек, 29-июль /Роман Гайнанов - Кабар/. Бишкекте Кытай Элдик боштондук армиясынын түзүлгөнүнүн 90 жылдыгына карата салтанаттуу кабыл алуу болду.

Иш чаранын алкагында Кыргызстан, Кытай аскер ведомстволорунун өкүлдөрү терроризм менен күрөшүүдө кызматташуу жана эки өлкөдө туруктуулукту, тынчтыкты сактоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Кытайдын Элдик боштондук армиясынын расмий аталышы -Кытай Эл Республикасынын куралдуу күчтөрү, саны боюнча дүйнөдөгү алдыңкы орунду ээлейт (2 390 000 адам ). Армия 1927-жылы 1-августта түптөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий