• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте "Кытай китепканасы" ачылды

Маданият 0

Бишкек, 10.06.19. /Кабар/. К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде "Кытай китепканасынын" ачылышы болду. Ал КЭР төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарын утурлай өттү.

"Кытай китепканасы" – тышкы дүйнө менен тааныштырган жана КЭР менен чет өлкөлөр ортосунда маданий алакага көмөк кылган долбоор. Учурда дүйнө жүзү боюнча бул өңдүү 19 павильон бар.

Аталган иш-чарага КРнын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин пропаганда бөлүмү министринин орун басары Ван Сяохуэй катышып, сөз сүйлөштү.

"Бизге, биздин өлкөлөр ортосунда маданий-гуманитардык, илимий-билим берүү кызматташуусун арттыруу маанилүү. Он жылдан ашык убакыт Кыргызстанда иш алып барып келе жаткан Конфуций институттун ишмердигин белгилеп кетели", - деди КРнын билим берүү министри.

Иш-чаранын алкагында көргөзмө, спектакль көрсөтүлдү. Ошондой эле анда БГУ менен КЭРдин Мамлекеттик кеңешинин басма сөз канцеляриясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Маалымат үчүн: БГУдагы "Кытай китепканасы" башкы имараттын биринчи кабатында жайгашкан. Ал 372 чарчы метрди ээлейт. Анда кытай, англис, орус жана кыргыз тилиндеги 8 миңден ашык китеп бар. Аны менен бирге электрондук китеп, журнал, газета жана иллюстрация өңдүү 80 миңден ашык санариптик ресурстар бар.

Пикир

Оставить комментарий