• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте кытай тилин окуткан мектеп-гимназиясы ачылат

Коом 0

Бишкек, 31-июль /Кабар/. Бишкектеги Жал кичи районунда кытай тилин окуткан №95 мектеп-гимназиясы ачылат деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, мэр Албек Ибраимов Кытай Эл Республикасынын Соода министрлигинин эл аралык жана экономикалык кызматташтык бөлүмүнүн директорунун орун басары Чзен Хуачэн менен жолукту. Анда тараптар №95 жалпы билим берүү мектеп-гимназиясын кыргыз тарапка өткөрүп берүү документтерине кол коюшту.

Мектептин курулуш иштерине кытай тарап демөөрчүлүк кылган. 2017-жылы жаңы окуу жылында мектеп окуучулар үчүн эшигин ачат.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө калаа башчысы Албек Ибраимов кытай тарапка ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде Чзен Хуачэн жылуу кабыл алып, достук мамиле кылганы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий