• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте кыз ала качууга каршы флешмоб өтөт

Коом 0

Бишкек, 05.06.18. /Кабар/. 6-июнда Бишкектеги борбордук аянтта “Биз, жаштар – кыз ала качууга жана эрте турмуш курууга каршыбыз!” деген флешмоб старт алат. Бул тууралуу КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чараны Билим берүү жана илим министригинин жана Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин колдоосу менен Enactus Кыргызстан уюму уюштурууда.

Аталган флешмоб аркылуу КР студенттери кыз ала качууга жана эрте турмуш курууга каршы экендиктерин билдирип чыгышат.

Акциянын катышуучулары эстафетаны башка облустарга да өткөрүп берүүгө ниеттенип жатышат.

"Студенттер кайдыгер карабагандардын бардыгын шаршемби күнү саат 10:00гө Борбордук аянтка келип, эрте турмуш курууга жана кыз ала качууга биргеликте “Токто!” деп айтууга чакырышат. Иш-чарага эрте турмуш куруу жана ала качуу көйгөйүнө кайдыгер карабаган беш миңге жакын студенттин катышуусу күтүлүүдө”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий