• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте кыз ала качууга шектелип 20 жана 24 жаштагы жигиттер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.11.22. /Кабар/. Бишкекте кыз ала качууга шектелип 20 жана 24 жаштагы жигиттер кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-ноябрда Ленин райондук милициясына С.Д. аттуу кыз кайрылып, аны С. менен Ж. аттуу чала тааныш адамдар ошол эле күнү саат 15:00дөр чамасында Арча-Бешик конушунда Volkswagen Passat унаасына салып, Токмок тарапка ала качуу үчүн алып кетүүгө аракет көргөнүн билдирген.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (“Никеге туруу максатында ала качуу”) менен катталган.

Шектүү катары 20 жаштагы С.С. жана 24 жаштагы К.Ж. аттуу жигиттер кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий