• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Бишкекте кыз уурдалып, “Перехват” планы жарыяланды – милиция

Коом 0

Бишкек, 11.12.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Бишкектеги 7- кичи районунда белгисиз бирөөлөр кызды уурдап кетишти, “Перехват” планы жарыяланды.

“Маалымат текшерилүүдө, окуя болгон жерге милиция кызматкерлери чыгып кетишти”,-деп билдиришти ИИМ Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан.

Мурда Facebook социалдык түйүнүнүн колдонуучусу Эсен Салиев билдиргендей, калаадагы кичи райондордун биринде белгисиз бирөөлөр кызды уурдап кетишкен.

“Азыр 7-8 бала “Honda Stepwgn” унаасына кызды күч колдону салып кетишти”,-деп жазган ал.

Пикир

Оставить комментарий