• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Пранк болчу. Бишкекте кыз жигити ала качкандыгын айтып милицияга чалган

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.07.22. /Кабар/. Бишкекте кыз жигитин тамашалайм деп милицияга аны ала качканын айтып чалган.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, 4-июлда болжол менен саат 19:20лар чамасында “102” кызматына Ак-Босого жаңы конушунан 18 жаштагы Б.А., аттуу жарандан кызды унаага салып, уурдап кетишти деген маалымат келип түшкөн.

Маалымат боюнча кайгуул кызматынын өздүк курамына уурдап кеткен жаранды табуу боюнча багыттама берилип, шаар ичинде “план перехват” аталышындагы атайын операция киргизилген.

Кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, “Лексус” үлгүсүндөгү автоунаанын 23 жаштагы Ж.А., аттуу айдоочусун эки иниси менен Калыс-Ордо конушунан кармаган.

“Бирок кармалган учурда "уурдалды" деген кыз жигитин тамашалоо максатында “102” кызматына өзү чалгандыгын тастыктаган”, - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча кармалган жарандардын бардыгы андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн, Биринчи май райондук милициянын тергөө кызматына жеткирилген.

Белгилей кетсек, жарандар билип туруп милиция чакырган (жалган маалымат) кезде Укук бузуулар кодексинин 132-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Пикир

Оставить комментарий