• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте кыздар арасында футзал боюнча өлкөнүн чемпионаты өттү

Спорт 0

Бишкек, 25.02.21. /Кабар/. Бишкекте бүгүн, 25-февралда футзал боюнча Улуттук лиганын кыздар командалары арасында өлкөнүн чемпионаты өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдешке республиканын бардык аймагынан жана Бишкектен болуп 10 команда катышты. Оюн 22-25-февралда Бишкектеги "Виват" комплексинде өттү.

Чемпионаттын жеңүүчүлөрү:

1-орун – "Азалия" командасы;
2-орун – NITRO командасы;
3-орун – Жалал-Абад облусу;
4-орун – Ысык-Көл облусу.

Ошондой эле мелдештин мыкты чабуулчусу, дарбазачысы, оюнчусу, гол жаратуучусу аныкталып, грамоталар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий