• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте кыздардын тобу кайгуул кызматкерине кол салышты – видео

Коом 0


Бишкек, 29.04.22. /Кабар/. Бишкекте Ынтымак паркынын жанында кыздардын тобу кайгуул кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, аларга кол салган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, Ч.Айтматов жана А.Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырак иштебей, ал жерде унаа кыймылын кайгуул кызматкерлери жөнгө салып жаткан.

Айдоочулар кайгуул кызматкерлерине унаа кыймылына тоскоолдук жараткан кайырчыларды жолдон алууну өтүнүшкөн.

«Бирок, кайырчылык менен алектенген кыздар аларды укпай, кызматкерлерге кол салып, ур-тепкиге алышкан.

Белгиленгендей, кыздар күч колдонбостон Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий