• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте кызды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.05.22 /Кабар/. Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери өздүгүн такташып, жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен айдоочуну кармашкан.

Кайгуул милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, 1-февраль күнү саат 17:30дар чамасында Ю.Фучик көчөсүнүн N№1 көчөсү менен бара жаткан белгисиз айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен жаран 1994-жылы туулган М.А. денесинен жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан жол кырсыгына (автоунаанын кагылышуусуна) шектелип, 2003-жылы туулган Т.у.Д.нын башкаруусунда «Тойота Каролла» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кармалып, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматына кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн жеткирилген.

Аталган факт Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Пикир

Оставить комментарий