• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте «Кызыл көйнөк» акциясы өттү

Ден соолук 0

Бишкек, 3-июнь /Ислам Розиев - Кабар/. Бишкекте “Дени сак аял - дени сак өлкө” ураанынын алдында “Кызыл көйнөк” акциясы өттү.

Долбоор КР Президентинин жана КР Өкмөтүнүн иш башкармалыгына караштуу Клиникалык ооруканасы тарабынан демилгеленип, Кыргызстандын биринчи айымы Раиса Атамбаеванын колдоосу менен өттү.

Акциянын башкы максаты – дарыгерлердин гана эмес, бүтүн коомчулуктун көңүлүн аялдардын ден соолугуна, ар кандай ооруларды алдын алууга бурдуруу болуп саналат.

Акциянын катышуучулары “Ала-Тоо” кинотеатрынан Эски аянтка чейин жүрүш менен өтүштү. Мында ар бир каалоочу өз саламаттыгын текшертүүгө мүмкүндүк алды. Ошондой эле, цигун ушу, тибет гимнастикасы, йога жана музыка терапиясы боюнча мастер класстар өткөрүлдү.

Өлкөнүн биринчи айымы долбоордун бардык катышуучуларына ыраазычылык билдирди. “Мен Ысык-Көлдө өткөн мындай иш чарага катышкам. “Кызыл көйнөк” долбоорунун бардык катышуучуларына жана бүгүнкү келгендерге ыраазычылык билдирем”, - деди ал.

Р.Атамбаева өлкөдө балдардын жана энелердин өлүмүн кыскартуу керектигин белгиледи.

Уюштуруучулар белгилешкендей, аталган долбоор – бул аялдар үчүн ооруларды алдын алуу же жеңүү аракеттерин бириктирүүнүн улуттар аралык белгиси болуп саналат.

Мындай акция биринчи жолу 2002-жылы Нью-Йоркто Red Dress Collection аталышында өткөн. Андан соң Россияда 2012-жылы, Кыргызстанда 2016-жылы биринчи жолу болгон.

(Сүрөттөрү Роман Гайнановдуку)

Пикир

Оставить комментарий