• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте «кызыл зонада» иштеген медиктерге июнь айына кенемте төлөнө элек. Министрлик жооп берди

COVID - 19 0

Бишкек, 10.07.21 /Кабар/. COVID-19 диогнозу менен ооруган бейтаптар дарыланып жаткан «кызыл зонада» иштеген медициналык кызматкерлерге июнь айына кенемте төлөнө элек.

«Кабар» агенттигинин редакциясына «кызыл зонада» иштеген бир катар ооруканалардын медициналык кызматкерлери кайрылып, аларга өткөн айга кенемте төлөнө электигин билдиришти. «Июнь айы үчүн бизге кенемте төлөнө элек. Азыр июлдун орто чени болуп калды. Биздин дагы жумалап көрбөгөн үй-бүлөбүз ар. Биз бул жерде эмгектенип, бейтаптарды карап жатабыз, бизди унутушпаса дейбиз. Биз дагы балдарыбызды кийинтип, ичинтишибиз керек»,-дешет алар.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министриги май айынды чындыгында эле төлөмдөр кечирээк төлөнгөнүн билдирет. «Азыр андай көйгөй жок. Июнь айы үчүн кенемтени июлдун орто чендеринде алышат»,-деп белгиледи ведомстводон.

Пикир

Оставить комментарий