• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте “Өлбөс полк” жүрүшүнө 30 миңден ашуун адам чыкты - БШК

Коом 0

Бишкек, 10-май /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Бишкекте “Өлбөс полк” жүрүшүнө 30 миңден ашык адам чыкты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине уюштуруучулар – шаардык кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

“Биз жүрүшкө келгендердин так санын айта албайбыз. Себеби жүрүшкө улам келип кошулуп, кээ бирлери кетип жатышты. Бирок, жол боюнда бизди тосуп чыккандар кубантты. Бул акция аркылуу адамдардын эскерүүлөрүн ойгото алдык”, - деп белгиледи Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз катчысы Чынара Усупбаева.

Эскерте кетсек, “Өлбөс полк” акциясы кечээ, 9-майда Бишкекте өттү. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан туугандарынын, жакындарынын сүрөттөрүн көтөргөн миңдеген адамдар борбордун көчөлөрүнөн өтүштү.

Пикир

Оставить комментарий