• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте Ленинград блокадачыларынын бошотулушуна арналган митинг-реквием өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 27.01.20. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Ленинград блокадачыларынын эстелигинин жанында Ленинграддын фашисттик блокададан бошотулушуна арналган митинг-реквием өтүүдө.

Иш-чара Дайыр Асанов атындагы эс алуу багында өтүп жатат, ага вице-мэрлер, согуш ардагерлери жана шаар тургундары катышууда.

Октябрь райондук администрациясынын аппарат башчысы Медер Бейшеналиевдин айтуусунда, шаарда учурда 12 блокадачы жашайт.

Ал маалымдагандай, аларга ар сайын президенттик жана квартал аралык стипендия төлөнүп берилет.

Ленинград блокадасы 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин созулуп, 871 күн уланган. Атуулардан жана ачкачылыктан 641 миңден ашык жашоочу көз жумган.

Кыргызстан 16 миңден ашык адамды кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий