• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте Ленинград блокадачыларынын бошотулушуна арналган митинг-реквием өттү

Коом 0

Бишкек, 18.01.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын Дайыр Асанов атындагы Жеңиш сейил багындагы Ленинград блокадачыларынын эстелигинин жанында Ленинграддын блокададан бошотулушуна арналган митинг-реквием өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага шаардыктар, мектеп окуучулары, Ленинград блокадасынын катышуучулары, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, Роскызматташтыктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Виктор Нефедов, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин Аскердик атташесинин улук жардамчысы Дмитрий Колобонов, Ленинград блокадачылары кыргыз коомунун төрагасынын орун басары Марат Кутанов, Югра шаарынын Коомдук палатасынын эксперти, Коргоо фондунун өнөктөшү Данил Гранин, Ленинград блокадасынын Ханты-Мансийск коомунун өнөктөшү Наталья Маслова, Москвадагы Рерих музейинин Эл аралык борборунун өкүлү Светлана Синенко катышты.

Иш-чараны Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими Мирлан Эшкожоев ачты. Катышуучулар Ленинград курчоосунда каза болгондорду бир мүнөттүк тыныгуу менен эскеришти. Митинг-реквиемдин аягында катышуучулар эстеликке гүл коюшту.

Ошондой эле мектеп окуучуларынын жана билим берүү мекемелеринин студенттеринин концерти уюштурулду. «Курчоо полку» жана «Эстелик шамы» акциясы өтүп, акциянын катышуучулары күйгүзүлгөн шамдар жана Ленинград блокадасында каза болгондордун портреттери менен парктагы мемориалдын айланасында жүрүш жасашты.

Пикир

Оставить комментарий