• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкектин Лев Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылды

Коом 0

Бишкек, 27.03.23. /Кабар/. Бишкектин Лев Толстой көчөсүнүн Некрасов көчөсү менен кесилишкен бөлүгү убактылуу жабылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Лев Толстой көчөсүнүн аталган бөлүгүндө канализациялык коллекторлорду төшөө жүргүлөт. Ишти 28-мартта бүткөрүү пландалууда.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана айдоочуларды каттамды алдын ала пландап алууларын өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий