• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте лифт куруу заводу иштеп баштады

Коом 0

Бишкек, 19-апрель /Кабар/. Кыргызстанда Stocker лифт куруу заводу толук кубаттуулукта иштеп баштады. Infox бизнес-клубунун маалыматына ылайык, “лифтерди жабдуу Германия, Чехия, Түркия, Россиянын алдыңкы ишканаларынан – ири лифт жабдыктарын өндүрүүчүлөрдөн алынат”.

Завод өз ишин 2016-жылдын ноябрында лифт кабиналарын куруудан баштаган. Ал эми 2017-жылдын мартынан баштап шахталык каалгаларды, монтаждык түйүндөрдү, шасси, тең салмакты кармагыч жана башка жабдыктарды чыгарып баштады. 2017-жылдын майынан баштап, Mikrolift компаниясынын технологиясы жана лицензиясы боюнча башкаруу панелдерин өндүрүү башталат.

Маалыматка ылайык, завод “лифт каалгаларын, электрондук жана ылдамдыкты азайтуучу жабдыктарын кабиналардын каркасын, эсептегичтерди, лифтти башкаруу системасын, дисплей жана кнопкалык панелдерин жана башка электрондук компоненттерин толук чыгарат”.

Учурда завод ар кыл тармактарда колдонулган бардык түрдөгү лифттерди өндүрүү, ташуу жана модернизациялоо менен алектенет. Анын ичинде жүргүнчүлүк, жүк ташуучу, панорамалык, автомобилдик, ооруканалык, коттедждик, чакан жүк ташуучу (ашканалык), ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге арналган лифттерди, ошондой эле, эскалаторлорду жана траволаторлорду чыгарат.

Пикир

Оставить комментарий