• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкекте лифттерди тейлөөдө коопсуздук инструктажы өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 15.01.22. /Кабар/. “Бишкекшаарлифт” муниципалдык ишканасы лифтчи-операторлорго “Лифттерди тейлөө боюнча лифтчи үчүн эмгекти коргоо жана коопсуздук чараларынын негизинде, пландан тышкары инструктажын өткөрдү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, лифтерлор адамдарды кабинадан коопсуз эвакуациялоонун ыкмаларын, убагында электромеханиктерге лифттин аныкталган бузуктары тууралуу маалымат берүү зарылдыгын билиши керек.

Ишканада иштеген 60 лифтчинин арасында үч айда бир жолу инструктаж өткөрүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий