• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте өлкөнүн негизги жаңы жылдык балатысын орнотуу иштери башталды (сүрөт)

Коом 0

Бишкек. 23.11.18 /Салтанат Абдраева – Кабар/. Бишкектеги Ала-Тоо аянтында жаңы жылдык балатыны орнотуу иштери башталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине калаа башчынын кеңешчиси Гуля Алмамбетова билдирди.

Анын айтуусунда, балатынын каркасы эски, ал үч жылдан бери колдонулуп келет. Балатынын бийиктиги 25 метр болот.

“Жаңы жылдын негизги атрибутун кооздоо концепциясы "Бишкек башкы архитектура" мекемесине тапшырылган. Ал концепцияны даярдап берди, эми биз ошол боюнча кооздоп баштайбыз”,- дейт ал.

Алмамбетова белгилеп кеткендей, бул жылы чоң тендерлер жана сатып алуулар болбойт. Баардык чыгымдар "Бишкексвет" жана "Тазалык" муниципалдык ишканаларынын бюджетинин эсебинен жабылат.

“Баардык чыгымдар анын ичинде оюнчуктарды жаңыртуу, кооздоо жана башкага 3 млн. сомдон ашпаган каражат сарпталат. Бул жылы балатыны жандыруу эртерээк болот”, - деди Алмамбетова.

Пикир

Оставить комментарий