• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте өлкөнүн саясий турмушунда аялдардын ойногон ролуна арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды

Коом 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/.Бишкекте Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо күнү аялдардын өлкөнүн саясий турмушунда ойногон ролуна арналган сүрөт көргөзмөсү өтүүдө.

Аталган иш-чара Кыргызстандын саясий турмушунда аялдардын лидерлигине колдоо көрсөткөн Улуттук кампанияны жүзөгө ашыруунун алкагында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жана БУУӨПтүн өнөктөштүгү менен “БУУнун Аялдар” Түзүмү тарабынан өткөрүлүүдө.

Сүрөт көргөзмөсүндө Кыргыз Республикасынын түптөлүп өнүгүшүндө мамлекеттин коомдук-саясий жана социалдык-маданий чөйрөлөрүндө баа жеткис салымын кошкон аялдардын сүрөттөрү менен өмүр баяны келтирилет.

“Биздин коомдо аялдардын өлкөнүн саясий турмушунда катышуусу туура эмес деген пикир терең орноп калган. Учурда саясатка аралашып жүргөн аялдарга, көбүнчөсү, эркек кесиптештеринин “жардамчылары” же алардын саясий дымактарын “аткаруучулар” катары мамиле кылышат.

Ушул көргөзмө аркылуу аялдардын лидерлигинин канчалык көп кырдуу экендигин, ошону менен катар кыргызстандык аялдардын өлкөнүн бардык чөйрөлөрүндө канчалык жигердүү катышканын көрсөтүп бергибиз келди”, - дейт БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Озонния Ожиело.

Аталган көргөзмөдө Курманжан Датка менен Уркуя Салиева сыяктуу тарыхый инсандар, айыл чарба менен медицинанын өнүгүүсүнө зор салым кошкон Какиш Рыскулова менен Феодосия Стрельникова, маданиятка, илимге жана спортко баа жеткис салымын кошкон Айсулуу Тыныбекова жана Асель Сартбаева сыяктуу инсандар киргизилди.

Кыргызстанда саясий жана атайын кызмат орундарын ээлеген аялдардын үлүшү болгону 29,3% түзөт, Жогорку Кенеште аял депутаттар 16,7% түзөт. “БУУнун Аялдар” Түзүмү жүргүзгөн изилдөө иштерине ылайык, илгертен түптөлүп калган адат боюнча аялдардын басымдуу көпчүлүгү социалдык чөйрөлөрдөгү мамлекеттик кызматтарга дайындалышат.

COVID-19 пандемиясы шарттаган кризистик кырдаал жетекчи аялдардын жана өлкөнүн коомдук турмушунда жигердүү катышкан аялдардын жардамга муктаж болгондорго жардам көрсөтүү аракетин мобилизациялоодо чечүүчү ролду ойногондугун айгинелеп, бардык деңгээлдердеги чечим кабыл алуу процессинде аялдардын катышуусу аябагандай маанилүү экендигин далилдеп берди.

Сүрөт көргөзмөсүндө колдонулган маалымат Күлбүбү Бектурганованын Кыргызстандагы аялдар тууралуу 200 чейин очерки камтылган “Кыргызстандын асыл кыздары” деген китебинен алынды.

Аталган иш-чара Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен, БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы шайлоого көмөктөшүү программасынын алкагында уюштурулууда

Пикир

Оставить комментарий