• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте өлкөнүн тарыхында биринчи жолу Шахмат академиясы курулат

Спорт 0

Бишкек, 09.07.18. /Кабар/. Бишкекте өлкө тарыхында биринчи жолу Шахмат академиясы курулат, бүгүн капсула салуу иш-чарасы болду.

Бизнес жана илим университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы Нургалы Асаналиев билдиргендей, долбоор окуу жай тарабынан каржыланууда, ал эми мамлекет тарабынан билим берүү саясатында колдоо гана керек.

“Шахматты жаштар арасында жайылтуу максатында биз аталган спорттун түрү боюнча Академия куралы деп чечтик. Бул билим берүүдөгү эң маанилүү аспектилерден болуп саналат, анткени адам ойлонууга үйрөнөт. Толугу менен окуу жай тарабынан каржыланууда, биздин базада турнирлерди уюштуруу боюнча мамлекет тарабынан колдоо болот деп ишенип жатабыз”, - деди Асаналиев жана туура бир жылдан кийин алар дээрлик 300гө жакын баланы кабыл ала тургандыктарын кошумчалады.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкуловдун айтуусунда, мекемеде башталгыч жана кесипкөй шахматылар үчүн жакшы шарттар түзүлөт. Андан тышкары, окутуу үчүн алдыңкы адистер тартылат.

“Идея Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан сунушталган. Бүгүнкү күндө мамлекеттик каржы булактарын тартпастан эле ишкерлер өздөрүнө жоопкерчилик алышып, капсула салып, академияны курууну чечишти”, - деди Аманкулов.

Академияда Кыргызстандын атынан эл аралык турнирлерге бара турчу балдар жана кесипкөй шахматчылар даярданышат.

“Билим берүү жана илим министрлиги мектептерге шахмат боюнча секцияларды киргизүү үчүн көп нерсе жасап жатат. Аталган спорттун түрүн бир гана Бишкекте эмес, бүтүндөй регион боюнча өнүкүрүү боюнча сунуштар бар. Бул багытта биз Федерациянын демилгесин колдойбуз. Эгерде аймактардагы балдар мектебинде иштөөгө даяр мугалимдер болсо, анда биз аларга колдоо көрсөтүүгө даярбыз”, - деди Аманкулов.

Пикир

Оставить комментарий