• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте лотоктон эркек кишинин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. Бишкекте лотоктон эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүдө айтылгандай, Бишкектин Асанбай кичирайонундагы үйдүн жанында суу өтө турчу лотокто болжол менен 45-50 жаштагы эркек кишинин (аты-жөнү такталууда) сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий