• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте лоу-кик бөлүмүндө кикбоксинг боюнча республикалык чемпионат өттү

Спорт 0

Бишкек 29.03.21. /Кабар/. Бишкек шаарында лоу-кик бөлүмүндө кикбоксинг боюнча республикалык чемпионат өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 27-28-март күндөрү «Газпром» ден соолукту чыңдоо борборунда лоу-кик бөлүмүндө кикбоксинг боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өттү. Мелдешке өлкөнүн жети облусунан жана Бишкек, Жалал-Абад, Ош, Токмок шаарларынан 100дөн ашуун спортчу катышты.

Жеңүүчүлөр жана байгелүү орунду ээлеген спортчулар медаль, дипломдор менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, иш-чара Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын кикбоксинг, тай боксу жана ушу федерациясы тарабынан өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий