• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында кол күрөш боюнча чемпионат өттү

Спорт 0

Бишкек, 15.04.21. /Кабар/. Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана чеберлер арасында кол күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 13-14-апрелде Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болду. Чемпионатка республиканын бардык облустарынан жана Бишкек, Ош шаарларынан 300гө жакын спортчу катышты.

Иш-чара Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана Армспорт федерациясы тарабынан өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий