• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында шахмат боюнча I Азия чемпионаты өткөрүлөт

Спорт 0

Бишкек, 14.09.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкекте эртең, 15-сентябрда мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында шахмат боюнча I Азия чемпионаты өткөрүлөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Азия өлкөлөрүнүн 10 жакын мамлекетинен жана Австралиядан спортчулар келүүсү күтүлүүдө.

КРнын шахмат федерациясынын президенти Милан Турпановдун айтымына караганда, 2016-жылы мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында республикалык мелдеш өткөрүлгөн. Азия боюнча мындай өңүттөгү иш чараны азырынча эч ким өткөрө элек.

“Мелдеш жогорку деңгээлде өтүүсү күтүлүүдө. Байге фонду 15 миң АКШ доллары. Учурда аймактардан жана чек жактан келген конокторду тосуп алуу боюнча даярдыктар көрүлүп жатат”,-деди Турпанов.

Пикир

Оставить комментарий