• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында шахмат боюнча I Азия чемпионаты өткөрүлдү

Спорт 0

Бишкек, 22.09.17 /Кабар/. Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында шахмат боюнча I Азия чемпионаты өттү. Анда 10дон ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышты.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова 112 катышуучуга улуттук колориттеги булгаарыдан жээктеп түшүрүлгөн шахматтарды тапшырды.

“Мелдеште силер бардык кыйынчылыктарды жеңип, алдыга умтулуп жашап жаткандыгынарды көрсөттүңөр. Спорт менен жигердүү машыгып жатасыңар. Силер мумкүнчүлүгү чектелгендер дагы байыркы шахмат оюндарынын өнүгүшүнө чоң салым кошо ала тургандыгын даңазаладыңар”,-деди Исакунова.

Турнирдин алкагында чет тилди билген 25 ыктыярчы жана соцкызматкерлер катышуучуларга турнир аяктаганга чейин көмөк көрсөтүштү.

Турнирде Индия, Иран, Казакстан, Өзбекстан, Бутан, Тажикстан, Түркмөнстан, Монголия, Пакистан жана Ооганстандын өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий