• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелгендерди колдоо максатында кайрымдуулук концерти өтөт

Коом 0

Бишкек, 27.09. 17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкекте 6-октябрда Кыргыз мамлекеттик циркинин имаратында мүмкүнчүлүгү чектелгендерди колдоо максатында кайрымдуулук концерти өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн жыйында “Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын Конгресси” коомдук уюмунун президенти Бүбүсара Калыкова билдирди.

Анын айтымында, концертке ар кайсы тайпадагы мүмкүнчүлүгү чектелген майыптар, эстрада ырчылары Айбек Каримов, Анапия Райымбекова, Бекболсун Мамырканов жана башкалар катышмакчы. Концерттен түшкөн каражат таланты бар, бирок мүмкүнчүлүгү чектелген майыптарга музыкалык аспаптарды алуу үчүн жумшалат.

Пикир

Оставить комментарий