• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте мөөнөтү өтүп кеткен жана сапатсыз таттууларды саткан кампа аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.12.20. /Кабар/. Финансы полициясы балдардын ден соолугунан кантип мыйзамсыз киреше табышкандыгын аныктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жаңы жылдын алдында, билгилүү болгондой эле, өлкөдө негизги керектөөчүлөр балдар болгон кондитердик азыктарга (балдардын белектерине) сурам көбөйүүдө. Бирок, кээ бир кара ниет ишкерлер балдардын ден соолугун коркунучка алып келип, акча табууга аракет кылып жатышат, алар кичинекей таттуу сүйүүчүлөргө мөөнөтү өтүп кеткен жана сапатсыз азыктарды сатып жатышат.

Ошентип, азык-түлүк коопсуздугун жана тамактанууну камсыз кылуу программасынын алкагында сапатсыз жана мөөнөтү өтүп кеткен продукцияны сатып алуунун курмандыгы болгон жарандардын кайрылуусу боюнча Финансы полициясынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте иш-чараларды жүргүздү. Анын жүрүшүндө Садыгалиев көчөсүндө кампа табылган, ал “ТТТ Компани” ЖЧКсы тарабынан ижарага алынып, анда мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктар (конфеттер, печенье жана ар кандай таттуулар) ири көлөмдө сатылган. Ушул эле кампада аталган ЖЧКнын кызматкерлери таттуулардын жарактуулук мөөнөтүн жана чыгарылган күнүн өзгөртүп жазуу, өчүрүү ж.б. жолу менен өзгөртүшкөн.

Мындан тышкары, чыгарылган күнүн жабыштырган, продукциянын курамы кыргыз тилине которулгон чаптамаларды басып чыгарган жана таңгактарда чыгарылган күндү үзгүлтүккө учураткан (өзгөрткөн) аппараттар табылып, алынды. Мөөнөтү бүткөн продукциялар менен аныкталган кампага мөөр басылды.

Бул факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат, анын жүрүшүн ЭККМКнын төрагасы С.А. Жапыкеев көзөмөлгө алды.

Пикир

Оставить комментарий