• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте “Өмүр булагы” кайрымдуулук марафону башталды

Коом 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда майыптыгы бар балдар үчүн “Алтын балалык” реабилитациялык борборун ишке берүүгө каражат чогултуу боюнча “Өмүр булагы” кайрымдуулук марафону башталды.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров, биринчи айым Айгүл Жапарова, министрлер кабинетинин төрагасы — президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, эл аралык уюмдардын, чет элдик компаниялардын өкүлдөрү жана башкалар катышууда.

Долбоорго ылайык, комплекс Ысык-Көл облусунун түндүк жээгине курулууда, ал сегиз блоктон турат, атап айтканда, аллергология, онкология, пульмонология, акушер-гинекология, балдар хирургиясы, функционалдык диагностика жана неврология. Ошондой эле долбоордо эс алуу, клиникалык лаборатория тамактануучу жана кир жуучу жай камтылган.

КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналивдин айтымында, комплекстин курулушу каражаттын жетишсиздигинен улам өз мөөнөтүндө бүтпөй калган.

“Биздин эсеп боюнча 1,5 млрд сом керектелет. Өлкө COVID-19га байланыштуу оор кырдаалда турган учурда республикалык бюджеттен мындай сумманы бөлүү кыйын. Ошондуктан биз балдардын келечегине кайдыгер карабаган жарандарга кайрылып жатабыз”, - деди ал.

Белгилүү болгондой, курулушу бүтсө аталган борбор бир эле учурда 250 баланы кабыл алып, жыл бою иштейт. Өз кезегинде Ысык-Көл облусунун жагымдуу климаты Кыргызстанда медициналык туризмди өнүктүрүүнү шарттайт.

Бүгүнкү күндө борбордун ордунда Инновациялык кардиохирургия борбору иштеп жатат, мында жүрөк патологиясы бар балдарга операция жасалат.

Белгилей кетсек, келечекте балдардын ден соолугуна салым кошууну каалаган бардык жарандар төмөнкү реквизиттер боюнча акча каражатын которо алышат:

“Ден соолук” медициналык калыбына келтирүү комплекси

Банк: Ысык – Көл АБ ФМ

ИСН: 00208201010040

Эсеп номери: 4404 0311 02001458

БИК: 440403

ИУРК: 27142490;

Ошондой эле каражатты «MegaPay» мобилдик капчыгы аркылуу которсо дагы болот.

Бул үчүн мобилдик тиркемеңизден MegaPay тиркемесин ачыңыз, Кызматтар үчүн төлөө бөлүмүнө, андан кийин кайрымдуулук бөлүмүнө өтүңүз, телефон номериңизди жана которуунун каалаган суммасын көрсөтөсүз.

Пикир

Оставить комментарий