• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте "Үмүт" жаш киночулар форуму өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 08.11.19. /Кабар/. Бишкекте "Үмүт" жаш киночулар форуму өтүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Форум 6-10-ноябрь күндөрү болуп өтөт.

"Үмүт" жаш киночулар форуму СССРдин Эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдык мааракесине арналып өткөрүлүүдө.

Форумда кыска метраждуу оюн жана даректүү тасмалар көрсөтүлүп, белгилүү киносынчылар жана режиссерлор менен жолугушуулар уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий