• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте М.Ауэзовдун 120 жылдыгы белгиленет

Коом 0

Бишкек, 14.09.17 /Кабар/. Кыргыз Улуттук илимдер академиясында эртең, 15-сентябрда казак акыны, жазуучу, котормочу, драматург жана Казакстан илимдер академиясынын академиги Мухтар Ауэзовдун 120 жылдыгына арналган конференция өтөт. Бул тууралуу КР УИА басма сөз кызматы билдирди.

“Академик М.О.Ауэзов илимде жана маданиятта” аталышындагы илимий-практикалык конференциясында окумуштуулар төмөндөгүдөй баяндамаларын окушат:

“Айтматов жана Ауэзов” УИАнын Гуманитардык жана экономикалык илимдер бөлүмүнүн төрагасы, академик Абдылдажан Акматалиев;

“М.Ауэзов жана казак фольлористикасы” филология илимдеринин доктору, Аль-Фараби атындагы Казакстан Мамлекеттик университетинин профессору Кенжехан Матыжанов (Казактан);

“М.Ауэзов жана казак фольклористикасынын калыптануу учуру” филология илимдеринин доктору, профессор Коңыратпай Тынысбек Ауелбекович (Казакстан);

“Ауэзов жана кыргыз адабияты” филология илимдеринин кандидаты Булдыбай Анарбек Сагиевич (Казакстан);

“Манас” эпосунун тегерегиндеги идеологиялык күрөш жана Ауэзов” филология илимдеринин кандидаты, УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун Фольклор, манас таануу, жана акындар чыгармачылыгы бөлүмүнүн ага илимий кызматкери Нуржан Нарынбаева.

Конференцияда ошондой эле, "М.Ауэзов драматург, акын, жазуучу жана XX кылымдын даанышман ойчулу", "М.Ауэзов илимде", "М.Ауэзовдун саясаттагы татаал жолу (репрессия доорундагы идеология Ауэзовдун тагдырынын мисалында)" деген жана башка темаларга арналган маселелер талкууланат.

Иш-чарада УИАнын президентинин милдетин аткаруучу Мурат Джуматаев, КРнын премьер-министринин кеңешчиси, Кыргызстан калктарынын ассамблеясы башчысы Токон Мамытов, УИАнын академиги, химия илимдеринин доктору Бектемир Мурзуибраимов, КРнын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, Кыргызстан казактарынын коомдук бирикмесинин башчысы Эркин Булекбаев, филология илимдеринин доктору, профессор Шакир Ибраев, Казакстан Республикасынын 1-класстагы өзгөчө жана ыйгарымдуу элчиси Мурат Ауэзов жана “Ауэзов үйү” музейинин башчысы, филология илимдеринин кандидаты Диар Кунаев (Казакстан) куттуктоо сөзүн сүйлөшөт.

Конференцияны Кыргыз Улуттук илимдер академиясы, Кыргызстан калктарынын ассамблеясы, “Кыргызстандагы казактар Ассоциациясы”, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясы жана Кыргыз-Түрк “Манас” университети уюштурууда.

Дареги: Бишкек ш. Чүй 265а, УИАнын башкы имараты, 2-кабаттагы жыйындар залы. Иш-чара кыргыз, казак, түрк жана англис тилдеринде жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий