• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте М.Горький атындагы гүл бакчаны реконструкциялоо жыйынтыкталды

Коом 0

Бишкек, 04.09.20. /Кабар/. Бишкек мэриясы Исанов жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Максим Горький атындагы гүл бакчанын реконструкциялоону жыйынтыктады.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, калаанын курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри Уланбек Азыгалиев гүл бакчанын курулушунун сапатын текшерди.

“Вице-мэр кемчиликтерди таап, куруучуларга кемчиликтерди жоюуну жана айрым жерлерге таман таштарды орнотууну тапшырды”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, бул жерге түстүү таман таштарды орнотуу, ирригациялык түйүндү жаңыртуу, сугат арыктарын төшөө жана тышкы жарыктандырууну модернизациялоо иштери жүргүзүлүп, чырактар, жаңы отургучтар жана таштанды үчүн урналар орнотулду.

“Куруучулар мурдагы граниттик жээк таштарды кылдаттык менен алып, аларды жаңы негизде орнотушту. Ал аянттын жаңыланган көрүнүшүнө шайкеш келди”, - деп баса белгилешти мэриядан.

Гүл бакчанын жаңылоо ишин “Береке Стрим” подрядчы компаниясы аткарды.

Белгилей кетсек, гүл бакчаларды реконструкциялоо калаа башчысы Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен жүргүзүлүп, шаардык бюджеттен каржыланып жатат. Долбоордун наркы – 7 миллион сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий