• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте майрамга карата милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

Коом 0

Бишкек, 25.08.17 /Кабар/. Алдыда боло турган КРнын Көз карандысыздык жана Курман Айт майрамына карата 29-августтан тарта милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштей башташат.

Бишкек ШИИБ кабарлагандай, 31-август - Көз карандысыздык, 1-сентябрь – “Курман айт” жана жаңы окуу жылынын башталышына карата коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында 2200 ашуун милиция кызматкерлери тартылат.

Андан сырткары бир катар борбордук көчөлөрдө жол кыймылына чектөөлөр киргизилет.

Чектөөлөр:

  • Чүй проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейин,
  • Тоголок Молдо, Логвиненко көчөсү менен Эркиндик бульвары жана Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин.

Пикир

Оставить комментарий