• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте майыптардын укуктарын коргоо жана аларга баардык шарттарды түзүп берүүнү талкуулашты

Коом 0

Бишкек, 12.04.19. /Кабар/. Бишкекте “Майыптардын укуктары тууралуу” 2019-2022-жылдарга БУУнун Конвенциясынын көрсөтмөлөрүн жана майыптыгын аныктоо боюнча системаны оптимизациялоо жана КРда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды калыбына келтирүү боюнча иш Планын талкуулоо боюнча тегерек стол өттү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чарага катышкан маморгандардын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү аталган иш Пландарды жактырып, колдошту.

“Жакынкы убакытта БУУнун майыптардын укугу тууралуу конвенциясын аткаруу боюнча биринчи кезектеги аткарылчу иш-чараларды иштеп чыгып, жактыруу керек. Ошондой эле “Жеткиликтүү өлкө” программасын иштеп чыгуу керек. Ал программанын негизги максаты социалдык жашоонун ар кыл чөйрөлөрүндө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата болгон дискриминацияны жок кылуу, өлкөнүн баардык булуң-бурчтарында, айылдарда, шаарларда жеткиликтүү инфраструктура түзүп берүү”, - деди Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева.

Ошондой эле тегерек столдун жүрүшүндө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жыл сайын өзүнүн бюджетинен майып адамдар үчүн жол, баардык социалдык мекемелердин ичинен кирүүгө ыңгайлуу болгон тратуарларды, өтмөктөрдү, жол чырак жана башка шарттарын түзүүгө акча каражат карашы керек. Андан тышкары майып балдар үчүн бала бакча жана мектептерде инклюзивдик билим берүүгө да шарттарды түзүү керек, деп баса белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий