• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ленин акимиаты балдардын эс алуусун уюштурду

Коом 0

Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. Ленин райондук администрациясы “HYDE PARK” эс алуу борбору менен биргеликте 25 балага майрам уюштурду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, балдар үчүн ат минүү, зоопаркка баруу жана түшкү тамак уюштурулду.

Иш-чарага борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева жана Ленин районунун акими Русланбек Тагаев катышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында аким мындан аркы жемиштүү кызматташуунун белгиси катары уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, "HYDE PARK" эс алуу борборуна муниципалдык администрациянын ыраазычылык баракчасын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий