• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте майыптыгы бар жарандар арасында шахмат боюнча мелдеш башталды

Спорт 0

Бишкек, 28.06.22. /Кабар/. Бишкекте майыптыгы бар жарандар арасында шахмат боюнча мелдеш башталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Турнир чоңдор жана балдар арасында болуп, жалпы 100дөй адам катышууда.

Иш-чараны Кыргызстандын шахмат федерациясы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте уюштурду.

Социалдык камсыздоо министри Кудайберген Базарбаев шахмат боюнча турнирдин ачылыш аземине катышып, министрлик майыптыгы бар жарандар арасында шахматты өнүктүрүүнү колдоого ниеттенип жатканын билдирди.

"Президент Садыр Жапаровдун "Руханий-адеп-ахлактык өнүгүү жана дене тарбия жөнүндө" биринчи жарлыгында спортту, анын ичинде интеллектуалдык түрлөрүн өнүктүрүү мамлекет тарабынан колдоого алынышы керек деп белгилеген. Биздин министрлик биринчи жолу бул турнирдин башкы өнөктөштөрү болуп чыгып, федерация менен кызматташуубузду өнүктүрүүгө ниеттенип жатабыз", - деди министр.

Шахмат чемпионаты 2022-жылдын 1-июлуна чейин созулат.

Пикир

Оставить комментарий