• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте "Макулатура тапшыр - көчөт ал" - "Бир жарандан - Бир көчөт" экологиялык акциясы өтөт

Коом 0

Бишкек, 29.10.21. /Кабар/. Эртең, 30-октябрда саат 10:00дө КР Айыл чарба министрлиги “Шаардык сейил бактар” муниципалдык ишканасы менен биргеликте "Макулатура тапшыр - көчөт ал" - "Бир жарандан - Бир көчөт" аттуу экологиялык акциясын өткөрөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, акцияга бардык каалоочулар катыша алат. Акциянын алкагында «Ынтымак» жана Ч.Түлөбердиев атындагы сейил бактарга 500дөн ашык көчөт отургузулат.

"Акцияга катышуу үчүн макулатураны (3 кг) же желим бөтөлкөлөрдү (5 даана) тапшырып, көчөт отургузуу мүмкүнчүлүгүн аласыздар. Ошондой эле сейил бактарда макулатура жана пластмассаларды кабыл алуу пункттары уюштурулат. Бир Жарандан-Бир Көчөт” акциясынын артынан биргелешип жаратылышты сактай алабыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Байланыш телефону: 0554 64 03 64 Бекбол

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 6-ноябрында 1000ден ашык алма багынын көчөттөрү Токмок шаарынын Ак-Бешик жер участогуна отургузулат.

Пикир

Оставить комментарий