• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте "Макулатура тапшыр - көчөт ал" экологиялык акциясы өтүүдө

Коом 0


Бишкек, 30.10.21./Кабар/. КР Айыл чарба министрлиги “Шаардык сейил бактар” муниципалдык ишканасы менен биргеликте "Макулатура тапшыр - көчөт ал" - "Бир жарандан - Бир көчөт" аттуу экологиялык акциясын өткөрүүдө.

Акция "Ынтымак" жана Ч.Түлөбердиев атындагы сейил багында өтүүдө. Анын алкагында, 500дөн ашык көчөт отургузуу пландалууда.

Айыл чарба министрлигинин статс-катчысы Нурдин Алишеровдун айтуусуна караганда, акцияга бардык каалоочулар катыша алат. "Акцияга катышуу үчүн макулатураны (3 кг) же желим бөтөлкөлөрдү (5 даана) тапшырып, көчөт отургузуу мүмкүнчүлүгүн аласыздар. Ошондой эле сейил бактарда макулатура жана пластмассаларды кабыл алуу пункттары уюштурулат",- деди ал.

Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева билдиргендей, акция экология көйгөйүнө көңүл буруу жана борбордогу жашыл мейкиндиктерди көбөйтүүнүн алкагында уюштурулду.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 6-ноябрында 1000ден ашык алма багынын көчөттөрү Токмок шаарынын Ак-Бешик жер участогуна отургузулат.

Пикир

Оставить комментарий