• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте мамкызматкерлер арасында кичи футбол боюнча мелдеш өттү

Спорт 0

Бишкек, 01.12.22. /Кабар/. Бишкекте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кубогу үчүн кичи футбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Билдирүүгө караганда, Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда мелдештин финалы өттү. Буга чейин облустарда тандоо турлары уюштурулуп, Ош облусу – Кара-Суу району, Баткен облусу – Баткен району, Жалал-Абад облусу – Ноокен району, Чүй району – Кемин району, Талас облусу – Талас району, Нарын облусу – Жумгал району, Ысык-Көл облусу – Ак-Суу району экинчи баскычка өтүшкөн болчу.

Мындан тышкары, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик жана Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзунан бир команда, Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлеринен бир команда, ошондой эле шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин төрагаларынан бир команда финалдык баскычта оюн көрсөтүштү.

Тактай кетсек, республикалык мелдештин финалдык баскычында жалпысынан 10 команда катышты.

Жыйынтык:
1-орун: Шаардык кеңештердин төрагаларынын командасы (республикалык жана облустук маанидеги).
2-орун: Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук командасы (Айыл өкмөт башчылары, айылдык кеңештердин төрагалары).
3-орун: Чүй облусунун Кемин районунун командасы (Айыл өкмөт башчылары, айылдык кеңештердин төрагалары).

Пикир

Оставить комментарий