• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте мамлекеттик ишмер Алиаскар Токтаналиевдин бюсту ачылды

Коом 0

Бишкек, 06.06.19. /Кабар/. Бишкек шаарында көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Алиаскар Токтаналиевдин (1929-1990-жж.) 90 жылдыгына арналган иш-чаралар өткөрүлдү, - деп кабарлайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Бүгүн Бишкек финансы-экономикалык академиясынын аймагында Алиаскар Токтоналиевдин бюстунун ачылыш салтанаты өтүп, гүлчамбар коюлду.

Андан соң Алиаскар Токтаналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык академиясынын жыйын залында анын урматына арналган эскерүү иш-чарасы болду.

Иш-чаранын алкагында Алиаскар Токтаналиев тууралуу автобиографиялык даректүү тасма көрсөтүлүп, анын кесиптештери – Кыргыз Республикасынын белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмерлери Апас Жумагулов жана Осмонакун Ибраимов замандашыбыздын өмүр жолу тууралуу айтып беришти.

Эске салсак, Алиаскар Токтоналиев 1929-жылы 24-майда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Эпкин айылында темир устанын үй-бүлөсүндө туулган.

Мектепти жана Ташкент финансы-экономикалык институтун аяктаган соң, ал көп жылдар бою финансы чөйрөсүндө иштеген.

1960-жылы Алиаскар Токтоналиев Кыргыз ССРинин финансы министри болуп дайындалган. Бул кызматта 25 жыл бою алмаштырылбай иштеп, Алиаскар Токтоналиев Кыргыз ССРинин финансы-экономикалык тутумун өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө зор салым кошкон.

Бул мезгилде Кыргыз ССРинин Финансы министрлиги дээрлик жыл сайын СССР Финансы министринин Өтмө Кызыл Туусу менен сыйланып турган.

Алиаскар Токтоналиев мамлекеттик ой жүгүрткөн, экономиканы терең түшүнгөн жана өлкөнүн өтө зарыл муктаждыктарын жана керектөөлөрүн ийне-жибине чейин билген инсан болгон.

Пикир

Оставить комментарий