• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкекте мамлекеттик ишмер Дооронбек Садырбаевдин эстелиги орнотулду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.06.23 /Кабар/. Бүгүн Бишкекте белгилүү кинорежиссер, жазуучу, мамлекеттик жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаевдин эстелиги ачылды.

Залкардын элеси түшүрүлгөн эстелик Октябрь кинотеатрынын жанына орнотулду.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, төрага Нурланбек Шакиев, депутаттар, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов баштаган жетекчилер, залкар таланттын замандаштары, туугандары жана шакирттери катышты.

Иш-чарада төрага Нурланбек Шакиев сөз сүйлөп, улуу инсандын өмүр жолу көпчүлүккө үлгү экенин белгиледи.

"Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” – дегендей, Дооронбек ага көп кырдуу талант эле. Биз аны улуу кинорежиссер, таланттуу акын, мыкты актер жана даанышман саясатчы катары билебиз. Анткени, тарткан тасмалары, жазган чыгармалары менен катар саясий айдыңда айткан жалындуу сөздөрү менен да өзгөчөлөнүп турчу. Кара кылды как жарган калыстыгы жана чындыкты таамай айткан асылдыгы менен да башкалардан айырмаланчу", – деди ал.

Ошондой эле төрага Дооронбек Садырбаев көзү тирүү кезинде эле жалпы кыргыз элинин жүрөгүнө түбөлүк эстелик тургузуп кеткенин айтып, анын элеси эч качан унутулбай турганын кошумчалады.

"Улуу калемгер Аалы Токомбаев "Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин" дегендей, залкардын жасаган иштери, сүйлөгөн сөздөрү келечекте да айтылат. Анткени, Дооронбек агабыз өз доорунун гана эмес, келечектин да үлгү тутар улуу инсаны", – деди Шакиев.


Эскерте кетсек, КР Баатыры Дооронбек Садырбаев 2008-жылы 69 жашында каза болгон. Көзү тирүү болгондо ал 84 жашка чыкмак.

Пикир

Оставить комментарий